17.06.2019 18:42
Орусиялык журналист Бишкекти «провинциялык борбор» деп атады
Орусиялык тележурналист Алексей Прокин өзүнүн репортажында Бишкекти провинциялык борбор деп атады. ЖМК өкүлүнүн бул тасмасы социалдык тармактарда тарады.
Белгилүү орусиялык НТС каналынын журналисти Бишкекте ШКУ жыйынын чагылдырган.
«Бишкек провинциялык борбор, же борбордук провинция сыяктуу экенин айта кетиш керек. Ошондуктан, ШКУ жыйынынын катышуучулары бул жакта бир гана күн болушат. Батышка болсо бул шаар америкалык аскерий база бар кезде гана кызыктуу болчу», - деген Прокин түз эфирде.
Бул сөз интернеттеги кыргыз колдонуучуларга жакпай калды, алардын кээ бирлери аны сотко берүүнү сунушташты.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: